Жарыяланган
2022-03-11, 04:11Бишкек Жылуулук электр борбору “Металлпром” мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын филиалына 14 миң тонна металл сыныктарын тапшырат. Бул тууралуу “Акчабарга” Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда “Электр станциялары” ишканасы ЖЭБдин балансындагы металл сыныктарын сатуу маселесин карап жатат. Ишкана металл сыныктарын кандай баада сатып алаары азырынча белгисиз.
Кошумчалай кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖЭБди кыш мезгилине даярдоо менен таанышуу учурунда аймактан металл сыныктардан тазалоону тапшырган.