Жарыяланган
2024-29-04, 06:03Токмок шаарындагы Совет көчөсү капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Тендерди Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жарыялады. Аталган көчөнү оңдоп-түзөөгө 34 млн 603 миң 473 сом жумшалат.
Капиталдык оңдоо иштерин келишим түзүлгөндөн кийин 70 күндө бүтүрүү керек.