Жарыяланган
2020-25-08, 05:25Бүгүн, 25-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 688 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
[news 27407]
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 572 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 315 куб метрге жетүүдө.
Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.