akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-27-10, 03:25

    Токтогул суу сактагычында 14 млрд 919 млн куб метр суу бар

    Бүгүн, 27-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 919 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

    [news 29307]

    Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 200 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 460 куб метрге жетүүдө.

    Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.