Жарыяланган
2020-28-08, 08:50Бүгүн, 28-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 750 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
[news 27471]
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 510 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 223 куб метрге жетүүдө.
Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.