Жарыяланган
2024-20-05, 04:33Кыргызстан “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринин күнү-түнү иштөөгө өтүшүнө кызыктар экенин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал белгилегендей, бул Кытай тарап үчүн да пайдалуу, анткени коңшу өлкөдөн Кыргызстанга, андан ары үчүнчү өлкөлөргө дагы чоң көлөмдөгү жүктөрдү жана товарларды экспорттоого мүмкүндүк берет.
“Биз кубаттуулукту суткасына 1 миң унаага чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз”, - деди Жапаров.