Жарыяланган
2024-21-08, 09:53Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода жүгүртүү 5,5 эсеге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Алсак, 2023-жылдын январь-июнь айларында товар жүгүртүү 11 миллион 397,3 миң долларды түзсө, 2024-жылы (биринчи жарым жылдыкта) болгону 2 миллион 66 миң долларды түздү. Төмөндөө 11,4 миллион доллардан 2 миллион долларга чейин импорттун азайышына байланыштуу.
Кыргызстан Малайзиядан кийим-кече, интегралдык микросхемалар, электрондук жана электр машиналарын жана жабдууларын сатып алып, курулуш конструкцияларын, кара металлдан жасалган буюмдарды, бал жана тирүү жаныбарларды саткан.