Жарыяланган
2023-02-10, 10:301-октябрдан тарта өлкөдө 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көтөрүлдү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 миң сомдон ашык пенсия алгандардын пенсиясы көтөрүлбөйт.
Белгилеп кетсек, быйыл жыл башында Кыргызстандагы жашоо минимуму 7 миң 500 сомду түзгөн. Бирок, коомдо жашоо минимумуна жетпеген пенсия алгандардын санынын көптүгү кызуу талкууланып келет.