akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-07-08, 08:54

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы көбөйтүлөт

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционерлери кезексиз жалпы чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Жыйында алар банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго, 2 миллиард сомдон 7 миллиард сомго чейин көбөйтүү чечимине келишти.

    Бул ААКнын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларынын санын 1000 сомдук бир акциянын жайгаштыруу баасы боюнча 5 миллион нускага, 5 миллиард сомго көбөйтүү жолу менен ишке ашырылат.