akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-10-02, 02:58

    Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин үлүшү жогорку чекке жетти

    Кыргызстанда эки жыл ичинде мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин максималдуу үлүшү 2022-жылдын июль жана октябрь айларында байкалган. Мындай маалыматты Евразия өнүктүрүү банкы билдирет.

    Ошентип, 2022-жылдын июль жана октябрь айларында ал 13,1% га жеткен. Бул 2021-2022-жылдардагы рекорддук көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, 2021-жылдын ушул эле айларында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 12% жана 11,8% түзгөн. Мында 2021-жылга мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер боюнча максималдуу көрсөткүч 12,2%ды түзөт, бул август айында катталган.

    Бирок 2022-жылдын аягына карата мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин үлүшү декабрь айында 12,8%га чейин кыскарганын белгилей кетүү керек.