akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-31-03, 04:35

    Быйыл Баткен облусуна 1.1 млрд сом бөлүндү

    Быйыл Баткен облусуна республикалык бюджеттен 1 миллиард 116 миллион 731,8 миң сом каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлиги билдирди.

    Анын ичинен 500 миллион сому аймактын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга багытталган.

    • Теңдештирүүчү трансферт – 328 млн сом;
    • Жергиликтүү башкаруу органдарынын электр энергиясы – 16 млн сом;
    • Жабыркаган ишкерлерге бир жолку компенсация - 28,4 млн сом;
    • Аймактарды өнүктүрүү фонду - 50 млн сом;
    • Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;
    • Губернатордун резервдик фонду – 3,7 млн ​​сом;
    • Районду өнүктүрүү фонддоруна - 86,5 млн сом;
    • Райондук мамлекеттик администрациялар (акимдиктер) - 67,2 млн сом;
    • Акимдердин резервдик каражаттары үчүн - 2,5 млн.

    Тектеш материалды окуу