akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2023-20-06, 05:12

    Быйыл майыптыгы бар адамдарга 9,2 млрд сом бөлүндү

    Быйылкы жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджетине рекорддук 9,2 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев майыптыгы бар жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүндө билдирди.  

    Анын айтымында, бул каражаттар протездик буюмдарды жасоого, майыптык коляскаларды алууга, эс алуу жолдомолорун берүүгө багытталган жөлөк пул жана компенсация катары төлөнүп, департамент тарабынан бекер берилет.

    Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 200 миң майыптуулугу бар адам жашаса, анын 36 миңи балдар. 

     


    Тектеш материалды окуу