Жарыяланган
2024-25-04, 06:11Экономика жана соода министрлиги быйыл Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 6%дан кем эмес болорун болжолдоодо. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын коллегиясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Мында 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,4 триллион сомду түзөрү күтүлүүдө.
"2023-жылы экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 6,2%ды түздү. Экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды", - деди Жапаров.
Эске салсак, 2024-жылдын биринчи кварталында кыргыз экономикасы 8,8%га өскөн.