Жарыяланган
2024-22-08, 12:00Бүгүн Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Кошумчалай кетсек, ушул эле күнү Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабын жабуу пландалып жатат. Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат.
Белгилеп кетсек, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.