Жарыяланган
2021-06-05, 07:00Аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында маалымдалды.
[news 34610]
Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү. Акцияны Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду ишке ашырды.
Аймактык социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим балдарга, жарым жетим балдарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.