Жарыяланган
2023-15-06, 11:08Чүй районунун Крупское айылында эл арыктан суу ичүүдө. Бул тууралуу депутат Карим Ханжеза Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Таза суу” долбоору боюнча таза суу системасын реконструкциялоого 6 млн. сомго жакын каражат керек экени аныкталган.
Ал маселени көзөмөлгө алуу үчүн Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.