Жарыяланган
2022-21-01, 04:01Кыргызстанда 20-январга карата уй этинин бир килограммынын орточо баасы 476,62 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Бул Кара-Балта жана Бишкек шаарларында уй этинин өздүк наркынын төмөндөшү менен шартталган, анда баа тиешелүүлүгүнө жараша 0,71% жана 2,26%га арзандаган.
Ошол эле учурда эң арзан уй этинин килограммы (419,52 сом) Манас районунун Покровка айылында, эң жогорку баа (502,48 сом) Ош шаарыда катталды.