akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2021-16-11, 08:03

    ЕАЭБ ичинен Кыргызстанда инфляциянын деңгээли эң жогору

    ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди. 2021-жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу баардык мүчө мамлекеттеринин керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалган. Бул тууралуу статистика комитети билдирди.

    Муну менен бирге, 2021-жылдын октябрында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, Беларусь Республикасынын экономика керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли азык-түлүк товарларына баанын жогорулашынын эсебинен (9,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарларына (9,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (6,3 пайызга) катталды.