Жарыяланган
2024-09-08, 07:15Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда өлкө боюнча 81 миң 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат.
Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5,8 миң адам жөнөтүлгөн.