Жарыяланган
2024-11-01, 04:41Кыргызстанда 29 миң майыптыгы бар жаран чарбалык иштерге тартылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы майыптардын эл аралык эмгек укуктарын илгерилетүү, ошондой эле үч өлкөнүн аймактык кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланган жыйында билдирди.
Иш-чараны Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги “Тилектештик” борбору менен биргеликте уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты. Катышуучулар билимге жана эмгекке жеткиликтүүлүктү жакшыртууга басым жасоо менен БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын принциптерин ишке ашыруунун максаттарын жана стратегияларын талкуулашты. Тегерек стол үч өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү жана алардын эмгек укуктарын илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашуу жана аймактык кызматташтыкты илгерилетүү аянтчасы болуп калды.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын илгерилетүү үчүн иш-чаранын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи.
“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана колдонуудагы мыйзамдардагы нормаларды ишке ашырууну жакшыртуу үчүн тажрыйба алмашуу жана коңшу мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын кабыл алуу зарыл”, - деп белгиледи Камила Талиева.
Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргызстандын Эмгек кодексинде жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген стандарттардын аткарылышы боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
“Биздин өлкөдө 212 миңден ашык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар каттоодо турат, анын ичинен 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектенет.2023-жылдын аягына карата министрликтин ишке орноштуруу кызматтарында 999 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат. Анын ичинен 226 адам жумушка орноштурулган, 141 адам кесиптик окууга, 280 адам коомдук акы төлөнүүчү ишке жиберилген”, - деп белгиледи Жаңыл Алыбаева.
Тегерек столдун жыйынтыгында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын принциптерин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда илгерилетүү боюнча иш-аракеттер планы жана кызматташуу стратегиясы менен резолюция иштелип чыкты, анын ичинде аймактык консультациялык-маалыматтык борбор түзүлдү. Ал ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары боюнча иш-чараларды өткөрүү, билимге жана ишке орношууга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу, маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу багытында иш алып барат.