Жарыяланган
2021-13-07, 04:00Маданий, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га көтөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин сайтында айтылат.
Билдирүүдө ошондой эле учурда бул тармакка 8 миңден ашуун адам тартылгандыгы айтылат. Маданият, маалымат жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн республикалык бюджетте 226,6 миллион сом каралган.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан баштап саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1 миллиард 884,8 миллион сом каралган.