Жарыяланган
2023-09-03, 07:39Былтыркы жылдын январь-декабрында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 26 миң 620 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Белгиленгендей, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу номиналдык эмгек акы 31,8%га, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 15,7%га өскөн.
Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий алмашуу курсунун негизинде 2022-жылдын январь-декабрында бир кызматкердин орточо айлык акысы 316,5 долларды түздү.