akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: d-russia.ru

    Жарыяланган

    2021-12-04, 06:30

    Кыргызстан дары-дармектерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

    Кыргыз өкмөтү дары-дармектерди экспорттоого убактылуу тыюу салууну чечти. Чечим Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин негизинде кабыл алынды, деп айтылат Кыргызстандын өкмөттүн расмий сайтында.

    [жаңылыктар 33638]

    Тиркелген тизмеге ылайык ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кийин киргизилген дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан алты айлык мөөнөткө алып чыгууга тыюу салынат. 

    Кошумчалай кетсек, бардык мамлекеттик кызматтарга КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо жана товарларды мыйзамсыз экспорттоону ооздуктоого багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилген.