Жарыяланган
2024-19-04, 03:16Ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Бул иш-чаралар жыл сайын профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлүп келет.
Бул учурда жылуулук жабдуулары, отканалар, жылуулук тармактары, жылуулук керектөө системалары 2024-2025-жылдарга карата жылуулук мезгилине даярдалат.