Жарыяланган
2022-25-10, 04:06Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы менен ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан тогуз айда жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 709 миллион сом салык жыйналды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов акимиатында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анда бюджеттин киреше бөлүгү талкууланды.
“Райондук кызматтардын жетекчилерине пландын аткарылышын камсыз кылуу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди”, - деп айтылат маалыматта.