Жарыяланган
2023-20-06, 03:50Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын резиденттери (221 ишкана) биринчи кварталда аткарган иштери боюнча толук отчет беришти. Алардын жалпы кирешеси көрсөтүлгөн мезгилде 1,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу аталган парктын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, IT-компаниялар мамлекеттик бюджетке киреше салыгы түрүндө 38,7 млн сом, социалдык чегерүү түрүндө 15,3 млн сом төлөштү. Кирешенин басымдуу бөлүгү кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукцияларды экспорттоодон (92,1%), ал эми эң аз бөлүгү программалык камсыздоону иштеп чыгуудан жана ишке киргизүүдөн (72,9%) түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кардарлары дүйнөнүн 54 өлкөсүнүн өкүлдөрү. Кызматтардын эң чоң 5 алуучулары төмөнкүлөрдү камтыйт:
АКШ (28%);
Россия (17%);
Кипр (9%);
Латвия (8%);
Улуу Британия (7%).