Жарыяланган
2023-29-09, 05:21Жылдын алты айында Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен жалпысынан 2 миллиард 716,8 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.
Бул акча ипотекалык компанияны финансылык ресурстар менен камсыздоого жумшалган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылоонун көлөмү 1,8 млрд сомдон 1,5 эсеге көбөйгөн. Башкача айтканда, сумма 916,8 миллион сомго жогорулаган.
"МИК" ААКнын мамлекеттик турак жай программасын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кошумча 1 млрд 716,8 млн сом бөлүндү", - деп билдирет Каржы министрлиги.
Мындан тышкары, акчанын бир бөлүгү, тактап айтканда, 1 млрд сом "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын ишмердүүлүгүн каржылоого жумшалган.