Жарыяланган
2021-19-04, 03:40Экономика жана каржы министрлиги мамлекеттик колдоонун алкагында насыя алуучуларга 734,4 миллион сомго насыяларды каржылаган. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Кабыл алынган “2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамда насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн 1 миллиард 253 миллион сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 307 миңден ашуун жаран насыяларды төлөөгө каражат алышкан, жалпысынан 196 миллион сом бөлүнгөн.
Программа насыяларды каржылоодон тышкары, дээрлик бардык тармактардагы ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү карайт. Буга чейин эки миңден ашуун ишкер жылына 4% дан 11% га чейин жеңилдетилген ставкалар менен 3,4 млрд сом суммасында насыя алышкан.