Жарыяланган
2019-29-08, 03:37Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылы $7128.8 млн түзүп, 13,9% өскөн. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
[news 16707]
Анын айтымында, 2019-жылдын август айына карата ЕАЭБдин Бирдиктүү Реестрине КР сертификациялоо боюнча 14 орган жана 13 сыноо лабораториясы кирди. ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу тармагындагы кабардарт болууну жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.
2017-жылдын 1-июлунан тартып карантин алдындагы продукция ЕАЭБ аймагында бирдиктүү эрежелер боюнча жүгүртүлөт. Биримдиктин бирдиктүү документтерине кол коюу бүтүндөй ЕАЭБ аймагы боюнча товарлардын кыймылына тоскоолдуктарды четтетип, ишкерлердин ишин жеңилдетет.