Жарыяланган
2022-05-10, 09:28Жалал-Абад облусунун прокуратурасы “Кыргызалтындын” “Макмал” алтын комбинатынын филиалында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Текшерүү учурунда “Макмал” алтын комбинатынын филиалы жана “Кыргызалтын-курулуш” филиалынын жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 2 млн 143 миң 686 сомдук инвентарлык буюмдардын жетишсиздиги аныкталган.
Бул факты боюнча Тогуз-Торо районунун прокуратурасы Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.