akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-10-02, 10:00

    Январда керектөөлөргө болгон баа 1% өстү

    2021-жылы январда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөөлөргө болгон баанын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитеттен билдиришти. 

    [news 31516]

     

    Анын маалыматы боюнча, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1,7%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки – 0,7%га, азык-түлүк товарларына болгон баа – 0,4%га өскөн, ошол эле учурда элге кызмат көрсөтүү наркы 0,1%га азайган.

    «Негизинен жашылчалардын баасы 7,8%га, картошка – 4,7%га, өсүмдүк майы – 3,8%га, сүт азыктары жана жумуртка – 3,5%га кымбаттаган. Ал эми эң жогорку кымбаттоо Нарын жана Баткен облустарында катталды», - деп кошумчалады Турдубаева.