17010 медициналык кызматкерге август айында 287,6 млн сом компенсация төлөнүп берилген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
[news 27982]
2020-жылдын август айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 17010 медициналык кызматкерге 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.
Карантиндик-казармалык тартипте иштеген медициналык кызматкерлер үчүн бекитилген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:
- кошумча күнүмдүк төлөмдөрдү эске алуу менен дарыгерлер персоналына иштеген 1 күнү үчүн – 3000 сомов, мындан улам 22 иш күнүнө жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 72300 сомду түзөт;
- орто медперсоналга – 2500 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 61300 сомду түзөт;
- кенже жана техникалык персоналга – 2200 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 54700 сомду түзөт.