Жарыяланган
2022-25-11, 03:12Сутка ичинде Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи дагы 1291 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди.
Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммдык куймаларды 153 миң 899,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 24-ноябрда кайра сатып алуу баасы 152 608,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 15,29 долларга жогорулады.
Бүгүн, 25-ноябрга болгон маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.