Жарыяланган
2019-12-07, 06:36
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган, алардын ичинен: [news 15202] 1. Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулады. Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн. сом суммасына өндүрүлдү. Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн.сом суммасына төлөндү. 2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга жогорулады .Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулду. Бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 101,2 млн. сомду түздү деп жазылган маалыматта. |