Жарыяланган
2022-26-07, 04:36Быйылкы жылдын алты айында Мамкурулуш тарабынан уруксатсыз курулуштар боюнча 123 факты аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, архитектуралык-курулуш көзөмөлү аркылуу жалпысынан 3 миң 327 текшерүү жүргүзүлгөн. 437 объект пайдаланууга берилген, анын ичинен 310 капиталдык объект, 127 кичи объект жана 180 объект айыпка тартылган.
Жетыбаев ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуш ишмердүүлүгүнө 3 миң 128 лицензия берилгенин айтты. Анын 314ү юридикалык жактарга, 4ү жеке ишкерлерге берилген.