akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-19-10, 05:00

    Өзгөндө 87 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

    Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. 

    Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

    “Жыйынтыгында, 87 млн 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди”, - деп айтылат маалыматта. 

     


    Тектеш материалды окуу