Жарыяланган
2022-02-02, 12:20Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктады. Ага ылайык, айыл өкмөттүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги 0,24 га жерди ээлеген гараж жеке менчикке берилип кеткени белгилүү болду.
Натыйжада, кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.