Жарыяланган
2023-29-03, 06:21Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоорлор блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
“Бүгүнкү күндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө бүткүл евразиялык мейкиндиктин өлкөлөрүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп калды”, - деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде Андрей Широков Кыргыз Республикасында Фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинде энергетикалык ресурстарды өнүктүрүүгө, билим берүүгө жана медициналык мекемелердин техникалык жактан жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоорлорго токтолду.
Белгилеп кетсек, Андрей Широков Бишкекке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынына катышуу үчүн келген.