Жарыяланган
2024-12-04, 04:15Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалдан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров маалымат жыйынында билдирди.
Садыровдун айтымында, бул суммага борбордогу ЖЭБтин бузулган жабдууларына жана өндүрүштүк имараттарына келтирилген зыяндар кирет.
Эскерте кетсек, 2-февралда саат 03.00дө ЖЭБте авария болуп, анын кесепетинен жабдуулар иштен чыккан.