akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-09-10, 07:25

    Жээнбеков өкмөттүн жана премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду

    Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

    [news 28841]

    Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

    Жарлыкка ылайык, премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат.

    Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.


    Тектеш материалды окуу