Жарыяланган
2022-02-12, 04:59Өлкөдөгү ишканалардын жетекчилеринин 28,2%ын гана аялдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын эркектери жана аялдары” басылмасында айтылат.
Кыргызстанда иштеп жаткан чарбалык субъектилердин жетекчилеринин жалпы саны 742 миң 466 адам. Анын ичинен 532 миң 942 адам эркектер, 209 миң 524 адам аялдар.
Жетекчиликте эң аз аялдар Баткен облусунда 20,6%. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында, жетекчилик кызматты аркалаган аялдардын саны 45,3%га жетет.