Жарыяланган
2020-10-04, 10:00АКШ долларынын официалдуу курсу сомго карата жыл башынан бери 11.92% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын официалдуу өкүлү Аида Карабаева өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
[news 23060]
Карабаеванын айтымында, бүгүнкү күндө валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталууда.
Валюта курсунун кескин жогорулашына жол бербөө үчүн Улуттук банк 216.9 млн долларга сегиз интервенция өткөздү.
Улуттук банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368.8 млн $ түзөт.