Жарыяланган
2024-07-06, 05:39Быйыл беш айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 61 млн 285 миң сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон бидиришти.
Былтыркы 5 айга караганда пенсияга 6 млрд 429 млн 639 миң сомго көп акча жумшалган. 2023-жылы январ-май айларында 29 млрд 631 млн 648 миң кеткен.
Расмий маалымат боюнча учурда Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Быйыл Соцфонд пенсияны эки баскычта – 1-июлда жана 1-октябрда көтөрүүнү көздөп жатат. 1-июлда пенсиясынын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомго жетпегендердин акчасы көбөйтүлөт. Ал эми 1-октябрда бардык пенсионердин пенсиясы көтөрүлөт.