Жарыяланган
2024-26-02, 07:15Январь айында Жогорку Кеңештин чыгымдарына 83,8 млн сом сарптоо пландалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматы тастыктайт.
Бирок, парламенттин чыгашасы 13%га көп болуп, 94,7 млн сомго жеткен. 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгымдары 10,5%га өскөн.
Белгилеп кетсек, парламент байланыш кызматтарын көбүрөөк колдоно баштаган, чыгашанын бул бөлүгү боюнча суммалар 98 эсеге көбөйгөн.
Ал эми иш сапарларга жана башка товарларга кеткен чыгымдар тиешелүүлүгүнө жараша 80% жана 99%га кыскарган.