Жарыяланган
2024-27-05, 11:11Кыргызстанда жумушчулар камсыздандырылбаса, иш берүүчүлөргө айып пул салынышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги демилгеледи.
Долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралды.
Министрлик Эреже бузуулар жөнүндө кодекске жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул кошууну сунуштоодо.
Эскерте кетсек, милдеттүү камсыздандыруу кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин мыйзамдык негизде карайт.