Жарыяланган
2020-29-05, 08:30«Золотая Корона» системасы аркылуу которулган акча «Бай-Түшүм Банкынын» Visa же Elcard карталары аркылуу алууга болот. Бул тууралуу «Акчабарга» каржы институтунан кабарлашты.
[news 24580]
Мигранттардын басымдуу бөлүгү «Золотая Корона» аркылуу акча жөнөтүшөт. Андыктан «Бай-Түшүм Банкы» кыргызстандыктар үчүн каражаттарды түздөн-түз Visa же Elcard карталары аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Которулган акчаны карта аркылуу алуу үчүн жөнөкөй шарттарды аткаруу керек:
- «Золотая Корона» - Акча которуулар тиркемесин көчүрөсүз;
- Жөнөтүлгөн каражатты код аркылуу табасыз;
- Банк картасына акча которосуз;
«Эми «Золотая Корона» аркылуу акча которуу үчүн, банктын кассасына баруунун кажети жок. Тиркемени колдонуп, үйдөн чыкпай, оңой эле которсо болот» —, деп билдиришти банктан.
Эске сала кетсек, «Золотая Корона — Акча которуу» тиркемесин Google Play же App Store дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.