16 миңден ашык медициналык адис COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүштү

08.07.2020, 10:44 Акчабар
16 миңден ашык медициналык адис COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча окуудан өтүштү

Кыргызстанда COVID-19 илдетинде алдын алуу, дарылоо, диагностикалоо, коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча медкызматкерлер үчүн аралыктан жана көчмө курстар өтүлүүдө.



С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 2020-жылдын 5-февралынан 6-июлуна чейин 16422 адис окуудан өттү.

Аралыктан окутуу курстарында – 8936 медкызматкер, инфекциялык көзөмөл жана жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу маселелери боюнча жеринен – 7506 медкызматкер окутулду. Алардын ичинде 3038 дарыгер, 3759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдын адистери бар.

Ошондой эле COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЧР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лаборатордук бөлүкчөлөрүнүн 326 адиси окутулду.

Тэги: Кыргызстан COVID-19 илдет көчмө курстар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть