Опубликовано
03.03.2020, 09:002019-жылы «балага сүйүнчү» 161 миң 700 балага берилди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.
Ал эми быйыл жыл башынан бери «сүйүнчү» 2 миң 559 балага берилген. Ага 10 млн 374 миң сом бөлүнгөн.
«2019-жылы «балага сүйүнчү» 161 миң 700 балага берилген. Ага 650,3 млн сом бөлүнгөн», - деди ал.
Ал белгилегендей, 2018-жылы «балага сүйүнчү» 90 миңден ашык балага берилип, жалпы «сүйүнчүнүн» суммасы 365,8 млн сомду түзгөн.
Балдарга берилүүчү сүйүнчү пулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт.