akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.02.2021, 05:00

    Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 2-февраль күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.

    [news 20380]

    АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 37, 05 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 37, 4 сомго, суюлтулган газ - 24, 95 сомго бааланууда.

    АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 36, 6 сомду, АИ-95 - 38, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 45, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.

    Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 36, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

    - «Партнер Нефть» - 24, 9 сом менен;
    - Bishkek Petroleum - 24, 5 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
    - «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).


    Читать похожее