2020-жылы пенсия жана жөлөк пул үчүн 47.8 млрд сом бөлүнгөн

11.02.2021, 09:50 Акчабар
2020-жылы пенсия жана жөлөк пул үчүн 47.8 млрд сом бөлүнгөн

2020-жылы Социалдык фонд тарабынан пенсия жана жөлөк пул үчүн 47.8 млрд сомдон ашык каражат которулган. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы январда пенсия жана жөлөк пулга 4.1 млрд сом каралган. 2021-жылдын 1-февралына карата пенсия боюнча карыздар жок.

Социалдык фонддон билдиришкендей, 2020-жылы камсыздандыруу взностор боюнча план 35.7 млрд сомго бекитилген. Пандемияга байланыштуу камсыздандыруу планы 2.7 млрд сомго төмөндөтүлүп, жалпысынан план 33.1 млрд сомго бекитилген.

2021-жылга карата камсыздандыруу взностору 38.1 млрд сомго бекитилген. 2021-жылдын январь айында 2.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогулуп, план 91.5% аткарылган.

Тэги: жөлөк пул Социалдык фонд фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть